Кыргызпатент менен АКШнын патенттик ведомствосу инновация тармагында кызматташат – ИА Караван Инфо
Кыргызпатент менен АКШнын патенттик ведомствосу инновация тармагында кызматташат

Онлайн иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент) менен Америка Кошмо Штаттарынын Патент жана товардык белгилер боюнча ведомствосунун (USPTO) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана АКШнын соода палатасынын интеллектуалдык менчик боюнча орун басары жана USPTO директору Кэтрин Видал кол коюшту. Меморандум интеллектуалдык менчикти коргоонун жана инновацияларды стимулдаштыруунун негизги багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган.

Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкүлөрдү макулдашышты:

Бул келишим эки тараптын тең улуттук интеллектуалдык менчик системаларын жакшыртууга жана инновациялардын негизинде экономикалык өсүштү алга жылдырууга болгон умтулуусун баса белгилейт.

Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи: 

«Бул Меморандум биздин USPTO менен кызматташуубуздун жаңы барагын ачат, инновацияларды колдоо жана интеллектуалдык менчикти коргоону жакшыртуу боюнча биздин жалпы милдеттенмебизди бекемдейт».

Меморандумга кол коюу Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча стратегиясынын бир бөлүгү болуп калды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: