Кыргызстан БУУда куралсыздануу жана куралды жайылтпоо тармагында эл аралык агартуу күнүн белгиледи – ИА Караван Инфо
Кыргызстан БУУда куралсыздануу жана куралды жайылтпоо тармагында эл аралык агартуу күнүн белгиледи

2025-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын БУУнун алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүгү БУУнун куралсыздануу иштери боюнча башкармалыгы жана Корнелл университетинин Реппи атындагы тынчтык жана чыр-чатактарды изилдөө институту менен биргеликте Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатында эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара уюштурду.

Иш-чарага Коста-Риканын БУУдагы Туруктуу өкүлү жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын Биринчи Комитетинин Төрагасы, Элчи Марица Чан Вальверде, БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана куралсыздануу маселелери боюнча жогорку өкүлү Изуми Накамицу, ошондой эле БУУга мүчө-мамлекеттердин, жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты.

Ачылыш сөзүндө Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү А.Касымалиева бүгүнкү татаал эл аралык мамилелердин шартында куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

А.Касымалиева өзгөчө жаштар арасында массалык кыргын салуучу куралдын коркунучу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын айтты.

Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстан мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана негизги өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 5-мартты Куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү катары бекитүүгө жетишкендиги баса белгиленди.  

Иш-чарада “Ядролук куралсыздануу тармагындагы билим берүүнүн тарыхы, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү” деген темада панелдик талкуу болду.

Сессия катышуучуларга ядролук куралсыздануу жана билим берүү чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттер менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, студенттерди натыйжалуу шыктандыруу, окутуу стратегияларына көңүл буруу, ошондой эле куралсыздануу боюнча билимге адилеттүү жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Бул иш-чарада тынчтык, коопсуздук жана куралсызданууга умтулган дүйнөнү курууда билим берүүнүн маанилүү ролу баса белгиленди.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: