Кыргызстан Дохада өткөн эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн айыл чарба продукциясын таанытты – ИА Караван Инфо
Кыргызстан Дохада өткөн эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн айыл чарба продукциясын таанытты

2025-жылдын 4-8-февралы аралыгында Доха шаарында өтүп жаткан “AgriteQ” эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө Кыргызстандан тогуз компания катышууда.

4-февралда бул көргөзмөнүн расмий ачылышы болуп, ага Катар Мамлекетинин Муниципалитет министри Абдулла бин Хамад Аль-Аттия, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Нуралиев жана «Кыргыз экспорт борборунун» өкүлдөрү, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор, башка чет мамлекеттердин Катардагы элчилери жана эл аралык айыл чарба уюмдарынын жетекчилери катышты.

Элчиликтин колдоосу менен бул эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандын төмөндөгү 9 компаниясы катышууда: “Art Slippers”, “Bal King”, “Balary”, “Ernis Bal”, “Exim Torg”, “Kyrgyz Dan”, “Namaev”, “Yrchieva” жана “Gimnili” Аталган компаниялар бал, кургатылган жемиштер, өсүмдүк майлары, кол өнөрчүлүк жана башка Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын тартуулоодо.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө Катар Мамлекетинин Премьер – министри, Тышкы иштер министри шейх Мухаммад бин Абдурахман Аль Танинин колдоосу астында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 29 өлкөсүнөн айыл чарба жана азык-түлүк боюнча адистешкен 300 дөн ашык компания катышууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: