Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Франция курамасын 2:1 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан кабарлашты.
Беттеш 18-июнда Хорватиянын Порец шаарында эл аралык турнирдин биринчи оюн күнүнүн алкагында өттү.Футзал Жума Кубогу 2025.
26-мүнөттө Ислам Туратбеков эсепти ачса, 37-мүнөттө Кайрат Кубанычов кыргызстандыктардын артыкчылыгын эки эсеге арттырды. Беттештин аягында француздар бир гол киргизип, беттештин жыйынтыгын өзгөртө алган жок.
Эске салсак, турнирге катышуу Кыргызстан курама командасын 2026-жылы өтө турган Азия кубогуна тандоо оюндарына даярдоонун бир бөлүгү.