Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык математикалык олимпиадада быйыл алгачкы алтын медалын жеңип алды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарындагы эл аралык математикалык олимпиадада быйыл алгачкы алтын медалын жеңип алды

Алтын медалды Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев жеңип келди.

Ошондой эле бул жылы математика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз Республикасынын командасы биринчи жолу алтын, 3 күмүш жана 2 мактоо баракчасына ээ болуп, командалык эсепте 122 упай менен 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Буга чейин команданын эң жогорку  көрсөткүчү 2003-жылы 49-орун болгон.

Эл аралык математикалык олимпиадага Кыргыз Республикасынын командалары 1993-жылы катыша баштаган. Бул жылдар аралыгында олимпиадага 176 кыргызстандык окуучу катышкан, анын ичинен 13ү кыздар.

Кыргыз Республикасынын курама  командасынын олимпиададагы алгачкы мактоо баракчасын 1994-жылы Нургүл Укуева алса, 2000-жылы биринчи коло медалды Мурат Абдувалиев, 2010-жылы биринчи күмүш медалды Азамат Аскаров алган.

Жалпысынан 30 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын командалары бир алтын, 4 күмүш, 12 коло жана 57 мактоо грамотасын жеңген.

error: