Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды - ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

КР финансы министринин орун басары Руслан Татиков Австриянын Федералдык Финансы министрлигинин башкы директорунун орун басары Йоханн Кинаст менен жолугушту. 

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 29-октябрда Австриянын Вена шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап экономикалык кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү талкуулашты.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков австриялык инвесторлорду энергетика, курулуш жана инфраструктура тармактарына тартуунун маанилүүлүгүн жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы горизонтторду ачаарын, ошондой эле Кыргызстан экономиканын бардык тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Австриянын экологиялык бюджеттөө жаатындагы тажрыйбасы да талкууланып, ал туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн манилүү экендигин белгиледи. Финансы министринин орун басары Р.С.Татиков  Австриянын экологиялык бюджеттөө тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар диалогду улантуу жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашууга жетишишти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: