Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү маселеси талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Минск шаарында Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев менен аталган өлкөнүн токой чарба министри Александр Куликтин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү, токой өстүрүү, аны калыбына келтирүү, токой тармагын өнүктүрүүнү экономикалык пландаштыруу жана болжолдоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өнөр жайлык кооперация жана Кыргызстанга токой продуктыларын, анын ичинде жыгач материалдарын жана жыгач отундарды жеткирүү маселелери козголду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: