Кыргызстан менен Эфиопиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Эфиопиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги талкууланды

Аддис-Абеба шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев менен Эфиопиянын Финансы министри Ахмед Шиденин жолугушуусу болуп өттү.

Асеин Исаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекет башчысынын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Эфиопия менен соода-экономикалык кызматташуу жаатында тыгыз байланыштарды түзүүгө даяр экенин билдирди. Эфиопия Африканын саясий борбору жана соода дарбазасы болуп эсептелет.

Өз кезегинде Эфиопиянын Финансы министри өлкөлөр ортосундагы географиялык алыстыкка карабастан, Эфиопия Кыргызстан менен сооданы өнүктүрүүгө чын дилден кызыкдар экенин белгиледи. 2024-жылы Эфиопиянын ички дүң продуктунун көлөмү 210 миллиард долларды түзүп, 120 миллиондон ашык калкы бар Африкада бешинчи орунда турат.

Кыргыз тарап өлкөлөр ортосунда кош салык салуудан качуу боюнча макулдашууга кол коюуну сунуштап, ошондой эле Эфиопиянын Финансы министрин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: