Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө маселеси талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөө маселеси талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. 

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуу 15-январда өткөн. 

Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана кызматташуу боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык биргелешкен комитетинин төртүнчү отурумунун жыйынтыктарын ишке ашырууну талкуулашты.

Келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү максатында тараптар эки тараптуу документтердин долбоорлорун макулдашуу жана кол коюу процессин тездетүүнү макулдашты.

Жыйынтыгында КР менен САП ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү үчүн зарыл болгон күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин тастыкташты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: