Кыргызстан менен Түркия кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташат – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Түркия кибер кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташат

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Түркиянын Анкара шаарындагы өкүлү М.К. Аманбаев Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Кибер кылмыштуулука каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы, полициянын генерал-майору Салих Гөзүм жана Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана чек ара башкармалыгынын башчысы, полициянын генерал-майору Фахри Булут жана алардын кызматкерлеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун алкагында учурдагы эң маанилүү маселелер болгон кибер кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция боюнча талкуулар жүргүзүлүп, тараптар бул багытта маалымат алмашууга жана кызматташууга даяр экендигин билдиришти. 

Жолугушуунун аягында тараптар эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча өз ара кызматташууга даяр экендигин билдирип, ийгиликтерди каалап, мындан ары да тыгыз байланышта болуу тилектештигин баса белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: