Кыргызстан – Түркия соода кызматташуусу динамикалуу өсүшкө ээ. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди.
Айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, акыркы жылы 1,9 пайызга өстү, анын ичинде импорт 2 эсеге жана экспорт 1,7 эсеге жогорулаган.
“Экспорттун өзүн алып көрсөк, 2019-жылы 90 миллион доллардын тегерегинде болсо, 2022-жылы 150 миллионго жеткен, ал эми 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 8,8 пайызга өскөн. Негизинен Түркияга бизден кургатылган жемиш, төө буурчак, айыл чарба продукциялары, мал чарба продукциялары, мисалы, иштетилбеген тери экспорттолот. Ал жактан жеңил өнөр-жайына, машина куруу өндүрүшүнө керектүү продукциялар келет. Эки мамлекеттин ортосундагы достук, туугандык мамиленин негизинде жылдан жылга соода-сатык динамикалуу өсүштү көрсөтүүдө. Ошондой эле биз Дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы келишимдердин негизинде соода-сатык жүргүзөбүз”, – деди Назарбек Малаев.
Ал жалпы жонунан алып караганда, эки өлкөнүн экономикалык жааттагы кызматташуусунда соода-сатыктан тышкары, инвестиция багыты да бардыгын белгиледи.
“Түркия инвестициялык салымы боюнча бер ири мамлекеттин катарын толуктайт. Быйылкы жылы эле 61 миллион долларга түз инвестиция тартылган. Жалпы бизнес көрсөтүп жаткан инвестициялар 300 миллион доллардын тегерегинде бааланат. Кыргызстанда учурда Түркиянын 350 бизнес өкүлдөрү активдүү иштеп жатат. Алар бардык тармактарда бар, атап айтканда, соода, энергетика, тоо-кен өндүрүшү, социалдык жана билим берүү жааттарында иштешүүдө”, – деди экономика министринин орун басары.
Малаев белгилегендей, 61 миллион доллар инвестициянын басымдуу бөлүгү энергетика тармагына жасалган. Экинчи орунда тоо-кен тармагы турат. Андан тышкары кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө да инвестиция тартылган.
Ошондой эле, Назарбек Малаев Кыргызстан – Түркия президенттеринин жолугушуусунун алкагында кол коюулушу күтүлүп жаткан документтерге токтолду. Айтымында, экономика тармагы боюнча эки чоң документке кол коюлушу мүмкүн. Анын бири – Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында, ага мүчө-мамлекеттердин арасында санарип экономикалык чөйрөдөгү макулдашуу. Максаты – беш мамлекеттин ортосунда электрондук сооданы өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу. Аны ишке ашыруу боюнча биргелешкен комитет түзүү да каралган. Комитетке беш мамлекеттин ар биринен тийиштүү кызматтардын жооптуу өкүлдөрү киргизилет жана алар ар кандай талаш-тартыш маселе жаралса же кошумча сунуш-пикирлер жолдонсо, ошол боюнча иштейт. Малаев макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлүп жатканын белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/