Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоонун келечеги талкууланды – ИА Караван Инфо
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоонун келечеги талкууланды

2025-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинде Кеңешчи-кичи элчи А.Акаевдин Глобалдык ишкерлер платформасынын төрагасы Б.Йылдыз жана аталган уюмдун мүчөлөрүнү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү перспективаларын талкуулашты. Кыргызстандын экономикасынын энергетика, айыл чарба, тоо-кен, курулуш жана туризм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарына өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз тарап Глобалдык ишкердик платформасынын мүчөлөрүнүн кароосуна конкреттүү инвестициялык долбоорлорду сунуштады. Түрк делегациясына Кыргызстандын инвестициялык потенциалы боюнча презентация көрсөтүлүп, өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн негизги маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Кеңешчи-кичи элчи А.Акаев Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган экономикалык реформалар, ошондой эле чет элдик инвесторлордун иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү чаралары тууралуу кеңири айтып берди.

Жолугушуунун соңунда А.Акаев түрк делегациясын Глобалдык ишкердик платформасынын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Иш-чарага 20 ишкер катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: