Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча глобалдык саммитте Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык климаттык күн тартибинде тоолуу аймактарга көңүл бурууну күчөтүүнү сунуштады.
Ал тоо экосистемалары климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз аймактардын катарына кирерин белгиледи. Мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачындын өзгөрүшү жана аба ырайынын экстремалдык кубулуштарынын көбөйүшү Борбордук Азияда да, андан тышкары жерлерде да суу ресурстарына, айыл чарбасына жана энергетикага узак мөөнөттүү коркунучтарды жаратат.
Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдү жана аймактарды туруктуу өнүгүү үчүн атайын зоналар деп эсептеп, алардын климаттык каржылоого, адаптация технологияларына жана мониторинг системаларына артыкчылыктуу мүмкүнчүлүк алышын камсыз кылууга чакырды.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тоолуу аймактардын туруктуулугу миллиондогон адамдардын суу жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет, бул системалуу жана координацияланган эл аралык чечимдерди талап кылат.
04.02.2026 15:51:35

