2025–жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги БУУӨПтүн, БУУнун системасынын туруктуу координаторунун кеңсесинин жана NDC Partnership глобалдык демилгесинин колдоосу менен “Кыргызстандын улуттук деңгээлде аныкталуучу салымын даярдоону ишке киргизүү – УДАС 3.0” форумун өткөрдү.
УДАС 3.0 өлкөнүн климаттык саясатын ишке ашыруунун жана парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги этабы болот. Форумда жаңы УДАС ны даярдоодогу артыкчылыктар жана чакырыктар, өнүгүүнүн улуттук стратегиялары менен климаттык чараларды координациялоо, ошондой эле каржылоо жана эл аралык колдоо механизмдери талкууланды.
Бүгүн биз бул иштеп чыгуу процессин ишке киргизип жатабыз жана бардык кызыкдар тараптарды диалогго чакырабыз”, — деп белгиледи министр М.Машиев. “Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар – 3.0”. Бул кадам өлкөбүздүн климаттык туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык көз карашты түзүү боюнча иштин башталышын билдирет.
Кыргызстан, Париж келишиминин башка катышуучулары сыяктуу эле, олуттуу кесепеттерге жол бербөө үчүн глобалдык температуранын жогорулашын 2°C дан ашык эмес чектөө максатын койгон. Биз дүйнөлүк экономиканы туруктуу өнүгүү жолуна багыттоо үчүн парник газдарынын чыгарылышын азайтуу жана жаңы технологияларды киргизүү боюнча биргелешип иштешибиз керек – деди КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев.
Иш-чарага мамлекеттик түзүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. УДАС 3.0 Кыргызстанга климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык күрөштө өз позициясын бекемдөөгө жана туруктуу келечекке негиз салууга мүмкүндүк берет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/