Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул Кореянын Кыргыстандагы элчиси Ким Кванджэ “Калди Каффа” ЖЧКнын жана “Хан Пул” коомдук фондунун (Корея Республикасы) негиздөөчүсү Кант Минджу, ошондой эле башкы директору Джанг Мунсик менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда корей тилин жана талап кылынган кесиптерди акысыз окутуп-үйрөтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Тараптар кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн Кыргызстанда да, Корея Республикасында да эл аралык деңгээлде билим алууга жана заманбап эмгек рыногунун талаптарына ыңгайлашууга өбөлгө түзө турган окууну улантуу; кесиптик өсүү үчүн кошумча перспективаларды ача турган Кореяда жумушка орношуу менен акы төлөнүүчү барист курстарын уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бөлүштү.
Жолугушуу президент Садыр Жапаров менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлдү. Иш сапарынын жүрүшүндө Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
2024-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Калди Каффа” билим берүү борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калмакчы.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул сүйлөгөн сөзүндө бул кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, билим алмашуу жана өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ача турган меморандумга кол коюлуп жатканына кубанып турганын билдирди.
Меморандумдун негизги максаты башталгыч кесиптик билим берүү, илимий-изилдөө ишмердиги жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кесиптик лицейлеринин окутуучуларын жана окуучуларын алмашуу болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/