Кыргызстанда 2024-жылда 1 млн жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталган – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 2024-жылда 1 млн жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, ЖКККББнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.

ЖКККББгы тарабынан 2024-жыл ичи жалпысынан 1млн. 034миң 196 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган

Алардын ичинен:

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 104 миң 476 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул эреже бузган айдоочуларга тийиштүү айып пулдар салынып, мамлекеттик бюджетке 650 млн. 089миң 050 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 85 346 220 сомго көп өндүрүлгөн.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: