Кыргызстанда 2024-жылы 3,1 миң өрт кырсыгы катталган – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда 2024-жылы 3,1 миң өрт кырсыгы катталган

Кыргызстанда 2024-жылдын 12 айында жалпысынан 3 миң 148 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, материалдык чыгымдын көлөмү 883 млн 259 миң 866 сомду түздү.

Тилсиз жоонун кесепетинен 47 адам каза болсо, алардын жетөөсү жаш балдар. Жабыркаган адамдардын саны 27ни түзсө, алардын бири жаш бала болгон.

Ал эми 2023-жылдын 12 айында өлкө боюнча 3498 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 1 млрд 410 млн 377 миң 891 сомго жеткен. Адам өлүмү боюнча 35 факты катталса (6 балдар), жабыркагандардын саны 31, бешөөсү жаш бала.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: