Кыргызстандын аймагында 2024-жылы жалпысынан 8 млн. 147 миң бак-дарактын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Анын айтымына караганда, алар айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо максатында, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында отургузулган.
“Абанын сапатын жакшыртуу боюнча системдүү иш аракеттеринин негизинде жалпы газдаштыруу иштери 40 пайызга жетип, Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча 31 миңден ашуун кожолуктар газга туташтырылды жана Бишкек шаарындагы 55 отказан жаратылыш газында иштеп жатат. Бишкек шаарында абанын сапаты лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бир нече эсе жакшырганы аныкталды. Дүйнөлүк Банк тарабынан өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу долбооруна 50 млн. АКШ доллары бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу иштери жүрүүдө”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/