Кыргызстанда 2024-жылдын башындагы жалпы алтындын запасы 847 тонна болгон, 182.5 тонна өсүштү эске алуу менен, запастардын болжолдуу баасы 80 млрд. АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев билдирди.
Анын айтымына караганда, 2024-жылы жер казынасын пайдалануу багытында бир нече кен чыккан жерлер изилдене баштады. Ак-Түз, Борду, Кашка, Делбек, Түтөк кендерии чалгындалууда. Кызыл-Омпол, Кутессай-2, Ункурташ, Тоголок долбоорло башталды.
Былтыр Бишкекте “МАЙНЕКС Борбордук Азия Кыргыз Республикасында” 10-чу эл аралык форуму болуп өттү. Анын алкагында геология тармагын өнүктүрүү багытында бир нече макулдашууларга кол коюлду.
“Чалгындоо жана долбоорло иштери активдүү жүрүүдө. Кумтөр бизге өтүшү менен экономикага 4,5 млрд долларлык мультипликативдик эффект берди, натыйжада ченемдик алтын куймаларын чыгарган завод ишке кирди”, – деп кошумчалады ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/