Кыргызстанда азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

Кыргызстанда азык-түлүк продуктыларына болгон баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн, деп билдирет, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер 15-январга карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк продуктыларына (нан азыктары боюнча, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү. 

Анын жыйынтыгында Кыргызстанда салыштырууга алынган шаарларынын азык-түлүк продуктыларына болгон баа, коңшу Казакстандан базар бааларынан 6,9% га жана Россиядан 8,8 % га төмөн экендиги аныкталды.

Казакстанда бул аптанын ичинде азык-түлүктүн баасы туруктуу, болгону картошка болгон баа жогорулагандыгы байкалууда. Мисалга, Актөбөдө картошканын баасы 42 сом, Костонай облусунда 45 сом жана Караганда облусунда картошканын баасы 43 сомго чейин жетүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: