Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында III Элдик курултайда айыл чарбасы жаатында маселелери менен кайрылган делегаттар жана жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Төрөбаев быйыл 2025-жылдын 1-январынан тартып дыйкан-фермерлерди колдоо багытында жалпы наркы 200 миллион сомдук “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке киргенин билдирди.
Министр өз сөзүндө аталган долбоордун негизги максаты – жеңилдетилген насыялык каражаттарды 60 ай же болбосо 5 жылга берүү аркылуу кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана “бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө” мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин баса белгиледи.
“Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бириккен товар өндүрүүчүлөргө 25 млн сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен, Кластердик бирикмелерди бириккен товар өндүрүүчүлөр менен түзүшкөн кайра иштетүү өнөр жай ишканалары үчүн 150,0 млн. сомго чейинки каражат, 60 айга 6 пайыздык чен менен жана Жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөчү технология менен иштеген (тамчылатып сугаруу, жамгырлатып сугаруу); күнөскана чарбасын жүргүзүү менен, айыл чарба техникасынын жана жаныбарлардын лизинги менен, машина-трактордук станцияларды түзүү (МТС) менен алектенген, бириккен коомдорду түзүшкөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 50,0 млн. сомго чейин, 60 айга 6 пайыздык чен менен насыялар каралган”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып “Айыл Банк”, “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору тарбынан берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/