Кыргызстанда күчү 3,9 баллга жеткен жер титирөө катталды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда күчү 3,9 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 18:30да катталып, очогунда күчү 3,9 баллга жеткен.

Силкинүүнүн күчү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Оттук, Кара-Шаар, Ак-Өлөң айылдарында 3,5 баллга, Балыкчы шаары жана Кара-Талаа, Орто-Токой, Шор-Булак айылдарында 3 баллга (Оттук айылынан 5 чакырым түндүктө, Кара-Шаар айылынан 5 чакырым батышта, Кара-Талаа айылынан 10 чакырым түндүк батышта, Балыкчы шаарынан 16 чакырым түштүк чыгышка) чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: