2024-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча 6,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымына караганда, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалар 11,4 пайызга, азык – түлүк эмес товарлар – 5,1 пайызга, тамак – аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар-5,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер-8,1 пайызгы жогорулады.
2024-жылдын декабрында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү республиканын бардык региондорунда катталды.
Мында алардын максималдуу жогорулашы (7,7 пайызга) Ысык-Көл облусунда байкалган, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын (15,1 пайызга) жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (10,7 пайызга) кыйла өсүшү менен шартталган. Тамак – аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын максималдуу жогорулашы (6,7 пайызга) Бишкек шаарында, ал эми азык-түлүк эмес товарларга (8,0 пайызга) – Ош шаарында катталды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/