Кыргызстанда кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды

Кыргызстанда кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды. Ал фермер Нурбек Отогонов экендигин Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. 

Ведомствонун маалыматына караганда, Нурбек мырза 1 гектар жерден 37 тонна кулпунайдын түшүмүн алып, кирешесин арттырган. Ал эми багбан Уланбек уулу Нурсултан  интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектардагы 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган.

Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 29-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен тааныштырат. 

Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 (Турат Идрисов) министрликтин бөлүм башчысы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: