Кыргызстанда курал-жарактарды калк арасында каттоо үчүн санариптик платформа иштелип чыкты – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда курал-жарактарды калк арасында каттоо үчүн санариптик платформа иштелип чыкты

2024-жылдын 19-20-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү семинарга катышты. Иш-чаранын темасы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө багытталып, SALIENT долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү болду.

Аталган семинардын алкагында Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук кызматташтык башкармалыгынын улук прокурору, ок атуучу жана жеңил куралдарды көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун орун басары Э. Камалов Башкы прокуратуранын алдындагы «Укук» Мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан “Жарандык куралдарды электрондук эсепке алуу” санарип платформасын тартуулады. Сунумда, платформанын иштелип чыгышы, анын ишке киргизүү процессин, ошондой эле курал жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык нормаларды ишке ашыруу жана улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды кеңири түшүндүрдү.

Санарип платформа жарандык куралды эсепке алуунун ачык-айкындуулугун камсыздоого, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү оптималдаштырууга, мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталып, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын укуктук статистикасын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүп, курал жүгүртүү чөйрөсүндө анализ жана көзөмөл жүргүзүү инструменти катары кызмат кылат.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ПРООНдун колдоосу менен ишке ашырылып, ок атуучу жана жеңил куралдарды көзөмөлдөөнү бекемдөөдө эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилейт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: