Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары арасында математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча улуттук олимпиада өткөрүлөрүн жар салат.
Улуттук олимпиаданы уюштуруунун максаты зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимдерин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн, илимий-изилдөө иштерине кызыгууларын арттыруу жана математика, физика, химия, биология, информатика предметтери боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо болуп саналат.
Улуттук олимпиада 4 этап менен өтөт.
Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык окуучулар катыша алышат. Ал үчүн окуучулар предметти тандап, таблицада көрсөтүлгөн тиешелүү шилтеме аркылуу 2025-жылдын 13-январынан 18-январына чейин электрондук каттоодон өтүүгө тийиш:
Эскертүү: Окуучулар бир нече предмет боюнча олимпиадага катышууга укуктуу.
Байланыш телефондору:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/