Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 – 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору.
Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары – 10,7% жана COVID-19 – 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/