Буудай 233,5 миң га аянтта (97,1 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,9 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 28,9 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,2 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө.
Арпа 237,7 миң га аянтта (94,8 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 47,0 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 26,1 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,7 ц/га жогору. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,5 ц/га жетүүдө.
Жүгөрү (дандык) жалпы 30,1 миң га аянтта (27,4 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 72,8 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,1 ц/га көп. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.
Чанактуулар жалпы 30,6 миң га аянтта (57,4 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,4 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,3 ц/га көп. Эң жакшы түшүмдүүлүк Талас облусунда – 14,3 ц/га.
Картошканын 30,5 миң га (46 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,3 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,5 ц/га жогору. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 181-183 ц/га түзүүдө.
Жашылчанын дүң жыйымы 864,0 миң тонна болуп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 87,2 миң тоннага көп.
Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 265,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 65,9 миң тоннага жогору болду.
Май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 9,7 миң га гүзүлүп, түшүмдүүлүк 11,7 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 миң га көп.
Ал эми кант кызылчасы 1,5 миң гектардан казылып алынып, учурда орточо түшүмдүүлүк 673,3 ц/га түзүүдө, бул 2023-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 186,2 центнерге жогору.