Кыргызстанда жаңы жыл түнү 322 ымыркай жарык дүйнөгө келди – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жаңы жыл түнү 322 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 322 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 170 – эркек, 152 – кыз. 56 кесарево сечение операциясы жасалган. 

Алгачкы төрөт саат 00:01де Бишкектеги Перинаталдык борборунда катталган — 3100 гр эркек бала жарык дүйнөгө келген. 

Ошол эле учурда саат 00:01де Ысык-Ата шаардык жалпы дарыгерлик практика борборунда 2930 грамм салмактагы кыз төрөлгөн.

Кара-Суу аймактык ооруканасында саат 00:02де эркек бала жарык дүйнөгө келген. Салмагы 3735 грамм. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: