2025–2028-жылдарга карата “Кыргызстанда жасалган” улуттук экспорттук программасы кабыл алынды. Бул стратегиялык документ ата-мекендик өндүрүүчүлөргө эл аралык рынокторго ишенимдүү чыгууга жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө жардам берет.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Экспорт — бул жөн гана товарды чет өлкөгө сатуу мүмкүнчүлүгү эмес, бул экономиканын өсүшү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөө жолу. Программа ишкерлерди колдоп, “Кыргызстанда жасалган” брендин дүйнөлүк деңгээлде таанымал жана кадыр-барктуу кылууга көмөк көрсөтөт.
Программанын негизги максаттары:
Программа кандайча ишке ашат:
Ким ишке ашырат?
Программанын негизги координатору – “Кыргыз Экспорт” борбору, ал Экономика жана коммерция министрлигине карайт. Анын милдети — экспорттоочуларга ишкер байланыштарды чыңдоого, жаңы рынокторго чыгууга жана экспорттук продукциянын ассортиментин кеңейтүүгө жардам берүү.
Бул өлкөгө эмне берет:
Каржылоо:
Программанын иш-чаралары ведомстволордун бюджетинин эсебинен жана эл аралык техникалык жардамдын колдоосу менен каржыланат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/