Москва айланма жолунда Кыргызстандын жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 2-февралда катталган.
Аталган жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында 1998-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Ш.А.Э. каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү маркумдун жакындары менен биргеликте анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселесин карап жатат.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/