2024-жылдын 28-январында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (УМБ) 48-сессиясынын алкагында Женевадагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов Египет мамлекеттинин УМБсына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Элчи Египет мамлекеттинин Тышкы иштер министри Бадр Абделатти мырза жетектеген делегациясы менен жылуу саламдашып, УМБ процессине берилгендигин жогору баалап кетти.
Өзүнүн сөзүндө Ээлчи Омар Султанов Египеттин адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатындагы чоң ийгиликтерин баса белгилеп, өлкөнүн гендердик теңчиликти камсыз кылуу, жарандарды социалдык коргоо боюнча демилгелери тууралуу белгиледи.
Маалымат: Универсалдуу мезгилдүү баяндама – БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин уникалдуу механизми болуп саналат, анын алкагында БУУга 193 мүчө-мамлекеттин ар бири адам укуктары боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын төрт жылда бир ирет каралат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/