2024-жылдын 24-ноябрынан 28-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, ошондой эле “Дестинация Ош” Туризм Ассоциациясы жана “Уральские авиалинии” авиакомпаниясы менен билгеликте Свердлов районунун туристтик компаниялары үчүн Ош шаарына промо-тур уюштурду.
Мындан тышкары, Екатеринбургдан келген делегация Өзгөн шаарына жана тоолуу Алай өрөөнүнө барат.
Демилге Кыргызстандын түштүк аймагынын туристтик потенциалын илгерилетүүгө, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туризм тармагындагы байланышты чыңдоого, тоо, тарыхый, гастрономиялык жана башка туризмдин түрлөрүн республикага жайылтууга багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/