Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курамасы CAFA турнирине катышат
Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы CAFA Women’s Futsal Championship 2025 мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Турнир 7-17 февраль күндөрү Тажикистандын Дүйшөмбү шаарында өтөт.
Аталган мелдеште биздин курама Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан курамалары менен ойномокчу.
Белгилей кетсек, мелдешке ийгиликтүү даярдык көрүү максатында команда 30-январдан, 5-февралга чейин окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/