Алдын ала божомолдор боюнча, Кыргызстандын ички дүн продукциясынын көлөмү 2024-жылы 1,5 трлн. сомду түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда билдирди.
Ал өз сөзүндө республиканын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, аларды “илбирсттин секириги” катары сыпаттады.
“Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми “Кумтөрдү” эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда. Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз автоунаа чыгарган өлкөгө айландык”, – деп баса белгиледи минкаб башчысы.