Кыргызстандын саясатчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын саясатчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, өз милдеттерин аткарууга киришкенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында Башкы ассамблеянын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү. Ага Камерундук Филемон Янг төрагалык кылды.

Эске сала кетсек, Аида Касымалиева 2021-жылдын декабрында БУУдагы туруктуу өкүл болуп келген. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Аида Касымалиева парламенттин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда аны колдогон. Ал тууралуу «Тарыхтын тик ашууларында» деген даректүү тасма тарткан. Мурда ал журналист болгон.

Сүрөт:   ачык булактардан

error: