Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $14,6 млрд түздү – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $14,6 млрд түздү

Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-ноябрында 14,6 млрд. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы  Бактыбек Кудайбергенов билдирди. 

Анын айтымына караганда, аталган көрсөткүч 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйдү. 

Мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,3 пайызга өстү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 0,8 пайызгы төмөндөдү.

2024-жылдын январь-ноябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 4,5 млрд.АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 9,1 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,2 пайыз) жана Казакстанга (26,9 пайыз) туура келди.  

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: