Кыргызстандын Улуттук банкы онлайн кредиттөөдө токтотуп туруу мезгилин киргизди – ИА Караван Инфо
Кыргызстандын Улуттук банкы онлайн кредиттөөдө токтотуп туруу мезгилин киргизди

Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 27-ноябрында жарандарды финансылык алдамчылардан коргоо максатында, онлайн кредиттерди тариздөөдө «токтотуп туруу мезгили» түшүнүгү менен ченемдик укуктук актыларды толуктаган токтом кабыл алды.

Токтотуп туруу мезгили – кредит алуудан баш тартууга жана келишимди бузууга карыз алуучуга мүмкүнчүлүк берген банктын акчаны карыз алуучуга которбой турган мезгил аралыгы.

Мисалы алсак, алдамчылар онлайн-кредитти каттаткан учурда.

Токтотуп туруу мезгилинин узактыгы кредиттин суммасына жараша болот:

Мындан сырткары, токтотуп туруу мезгилинде финансы-кредит уюмдары кредиттин суммасы 100 000 сомдон ашкан учурда, онлайн-кредитти тариздөөгө кардардан тастыктоо алуу үчүн атайын текшерип телефон чалууга милдеттүү болушат.

Өз убагында атайын текшерип телефон чалуу болбогон учурда, кардарга акча которулбайт.

Бул токтом менен кеңири Улуттук банктын расмий интернет-сайтынан: www.nbkr.kg/ Банк/Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүнөн таанышууга болот. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: