Кыргызстанга Корея Республикасынын «Чунгбук» технопаркынын президенти О Вон Гын баштаган ишкерлер делегациясы келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдииршти.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында КРнын Соода-өнөр жай палатасы (КР СӨП) менен «Чунгбук» технопаркынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бул документ өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, инновациялык технологиялар менен алмашуу, өнөр жай кластерлерин түзүү жана өнүктүрүү, экспорттук-импорттук рынокторду активдештирүү жана ишкердик ишмердүүлүктү ар тараптуу колдоону карайт.
КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жогорку технологиялар, өнөр жай өндүрүшү жана чакан бизнес өңдүү тармактарда биргелешкен өсүш үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Ал ошондой эле кол коюлган меморандум ийгиликтүү кызматташууга жана кореялык инновацияларды Кыргызстандын экономикасына тартууга негиз болот деген ишенимин билдирди.
Корея Кыргызстанга дары-дармек, косметика, биологиялык активдүү кошулмалар (диетикалык кошулмалар), курулуш материалдары жана кийим-кече сыяктуу товарларды жеткирүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар ошондой эле жаңы технологияларды өнүктүрүү жана эки тараптуу сооданын шарттарын жакшыртуу жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.