Кышкы Азия оюндары: Бүгүн хоккей боюнча улуттук курам Бахрейндин командасын жеңди
Бүгүн, 5-февраль Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында хоккей боюнча мелдештердин экинчи айлампасы жыйынтыкталды.
Улуттук курам экинчи айлампада Бахрейндин командасы менен ойноп 29:0 эсебинде жеңди.
Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде жеңип, 2 упай менен “В” тайпасында 2-орунду ээлеген эле. Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен өз тайпасында 5 упай топтоп 1-орунга чыкты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/