Кытайда кыргыз делегациясы дүйнөдөгү эң ири “Үч капчыгай” ГЭСине барды – ИА Караван Инфо
Кытайда кыргыз делегациясы дүйнөдөгү эң ири “Үч капчыгай” ГЭСине барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Хубэй провинциясында жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң ири гидроэлектростанция делген “Үч капчыгайга” барды. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Кыргызстандан барган делегациясынын курамында Энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Курулуп жаткан электр станциялары” дирекциясы, Электр станциялары сыяктуу
өлкөнүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен адистерине  Хубэй провинциясынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчилиги жана кытайлык энергетиктер “Үч капчыгай” ГЭСи тууралуу маалымат беришти. 

Жолугушууда тараптар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, андан соң кытай тарапка Кыргызстанга келип кетүүгө жана ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.

Белгилей кетсек, “Үч капчыгай” Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС. Кытайлык энергетиктердин айтымында, гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу 22 миң 250 МВт. Плотинанын бийиктиги 185 метр, узундугу 2,3 км.

error: