2025-жылдын 5-январында Лейлек районунун Арка айылында снаряддын жарылуусунан бир аял жана анын жашы жете элек кызы жабыркаган. Жабыркагандар тез арада Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилип, аларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин тапшырмасы боюнча жабыркагандар санавиация аркылуу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулат.
Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда. Министрдин жетекчилиги астында адистердин кеңешмеси өтүп, ага Ош, Баткен жана Лейлек аймактык ооруканаларынын дарыгерлери катышты.
Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/