Лейлекте оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милциясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Каргашалуу окуя 8-январда Раззаков – Ош автоунаа жолунун 330-чакырымында катталган.
“Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. өзү башкарып бараткан DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени алдына барган учурда дөңгөлөк кокусунан жарылып кеткен”, – деп айтылат маалыматта.
Оор жараат алган айдоочу ооруканага жетпей мерт кеткен.
Бул факты Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталды.
Жеринже ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/