Лейлектеги снаряддын жарылуусу. Кыргызстан менен Тажикстандын милициясы жолукту – ИА Караван Инфо
Лейлектеги снаряддын жарылуусу. Кыргызстан менен Тажикстандын милициясы жолукту

Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-2 айылында турмуш-тиричилик мүнөзүндөгү жарылуу болгон. Окуя 2025-жылдын 5-январында катталган.  

Аталган окуя боюнча Лейлек РИИБдин башчысы К.Козубаев менен Тажикстандын Согдий облусунун Б.Гафуров РИИБдин башчысы Чамшед Абдулло Зубайрзода жолугушту. 

Баткен облустук милициясынын маалыматына таянсак, тараптар эки өлкөнүн элин дүрбөлөңгө алдырбоо максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Учурда окуя болгон жай аймактык милиция кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон күнү эле жергиликтүү айыл башчылар жана жергиликтүү бийлик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, окуяны элге туура жеткирүү максатында алдын алуу иштери уюштурулган.

Эске сала кетсек, КР Саламаттык сактоо министрлигинен жабыркагандардын абалы туруктуу экендигин билдиришти

КР УКМКнын Чек ара кызматынын алдын ала берген маалыматына таянсак, жарылуунун себеби — эски курулуш материалдарынын арасынан табылган белгисиз жарылуучу зат (снаряд).

2022-жылы жаран А.Н. үйү аткылоодон улам күйүп кеткен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, үй ээси навестеги эски курулуш материалдарын жана темирлерди тазалап жаткан учурда белгисиз жарылуучу затты (снарядды) таап алып, ал жарылып кеткен. Жарылуунун натыйжасында А.Н. жана анын жанында болгон 12 жаштагы кызы сыныктардан жаракат алышкан.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: