Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Бишкектеги экинчи филиалы ачылды
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Бишкектеги экинчи филиалы ачылды, деп билдирет президенттин Иш башкармалыгы.
Маалыматка ылайык, кеңсе Байтик баатыр 5К көчөсүндө жайгашкан.
Бул жерде жарандар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, сатуу бөлүмүнүн кызматтарынан пайдалана алат.
Филиал 450 чарчы метрди түзгөн заманбап имаратта жайгашкан. Бул жерде 15 квалификациялуу кызматкер иштеп, кардарларга керектүү жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/