Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев жарандарды кабыл алуу салтын улантып, ар жуманын жума күндөрү таңкы саат 7:00дөн 9:00гө чейин коомдук кабыл алуу өткөрүүдө. Бүгүнкү күндөн тартып агенттикте “Онлайн” коомдук кабылдама иштей баштады.
Эми алыскы райондордон жана айылдардан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар борборго келбей эле, аралыктан коомдук кабылдамага кире алышат. Бул система жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге убакытты үнөмдөө жана маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кабылдама облустун өкүлчүлүктөрүнө уюштурулуп борбордук аппарат менен туз байланыштырууга шарт түзөт.
Бүгүнкү кабыл алууда Нарын, Баткен, Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү тургундары жана кызматкерлери катышышты. Жолугушууда кадр саясаты, административдик-аймактык реформанын негизинде келип чыккан маселелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагынын өсүп-өнүгүшү боюнча бир катар сунуштар талкууланды. Ошондой эле, жарандардын көйгөйлүү маселелери угулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Коомдук кабылдамага агенттиктин бөлүм башчылары жетекчи менен бирге катышып өз тармагын боюнча ыкчам чечүүгө кызыктар
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/