Мамлекеттик органдар Бишкекте ишембилик өткөрөт – ИА Караван Инфо
Мамлекеттик органдар Бишкекте ишембилик өткөрөт

Мамлекеттик органдар Бишкек шаарынын бардык райондорунда бир катар ишембиликтерди өткөрүшөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чаранын негизги максаты коомдук жайларды, сейил бактарды жана аянттарды таштандыдан тазалоо.

Ишембиликке 2 миңден ашык адам, тактап айтканда, президенттин администрациясынын кызматкерлери, министрликтер менен ведомстволор, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

error: