Марлен Маматалиев Бишкектеги жол тыгынын чечүү боюнча бир катар сунуштарды берди – ИА Караван Инфо
Марлен Маматалиев Бишкектеги жол тыгынын чечүү боюнча бир катар сунуштарды берди

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев парламентти Бишкек шаарындагы авто тыгынды жоюу боюнча чаралар каралган токтом кабыл алууга чакырды. 

Ал белгилегендей, бул маселени мэрия жалгыз чече албайт, андыктан эл өкүлдөрү жардам бериши керек. 

Маматалиевдин айтымында, 2024-жылдын июль айынан сентябрь айына чейинки мезгилде эле бишкектиктер 777 саатты жол тыгында туруу менен өткөрүшкөн. 

Депутат жол тыгынын чечүү чаралары катары төмөнкүлөрдү сунуштады: 

«Биринчиден шаарыбызды так ортосунан бөлгөн темир жол түндүк менен түштүктү тең ортодон кесип коет экен. Ал жок болсо эмне болот эле? Шаарда 40 паралелдүү жолдор бар, бирок темир жолдун айынан алар буулуп калгандай, болгону жети гана өтмөк бар, ошол жерге баарыбыз бөтөлкөнүн оозуна кептелгендей тыгылабыз. Эртең менен жумушка – өйдөдөн ылдыйга карай, кечинде үйгө – ылдыйдан өйдөгө карай баратып, ошол жерге топтолобуз. Мэрия темир жолду жылдыруу маселесин карап жатыптыр, бирок эгерде жылдырылбаса, анда 40 паралелдүү көчөнүн айрым жерлерин тешип өтүү керек. Мында эң арзан вариант – шлагбаум, эң кымбаты – көпүрө», – деди депутат. 

Ал бул эки варианттын кайсынысын жасоого мамлекеттин күчү жетсе, ошону ишке ашырып, учурдагы 7 өтмөк көчөгө жок дегенде дагы бир 8 көчөнү кошуу зарылдыгын белгиледи. 

Андан сырткары депутаттын айтымында, темир жол аркылуу жүк ташууну түн жарымына жылдыруу, союздан калган стандарт – ар бир он беш мүнөттө жүк жүктөгөн вагондорду өткөрүүнү токтотуу керек. Ал белгилегендей, темир жолдо перевалдык пункт деген бар, ага ар кайсы жактан келген жүктөр ташылат дагы, андан соң кайра эле ошол жүктөр чыныгы дарегине жеткирилет. Ошону менен ар жүк үчүн вагондордун эки жолку каттоосу жаралат, бул өз кезегинде автоунаалардын темир жолду кесип өтүүсүнө тоскоолдук жаратып, жол тыгынын пайда кылат. Маматалиев темир жолу көчүрүү мүмкүн болбой калса, жок дегенде перевалдык пункту шаар сыртына чыгарууну сунуштады. Ошондо, шаар ичинде бир гана Балыкчыдан жана Россиядан келген поезд өтүп калмак. 

Депутат сунуштаган дагы бир чара – жөө жүргүнчүлөрдүн жолду кесип өтүүсүнө ыңгайлашкан атайын белгилерди азайтуу. 

«Жөө жүргүнчүлөр өтчү жерлерде автоунаалар көп топтолуп калат. Аны чечүүнүн жолу – жер алдынан жана жер үстүнөн өтчү өтмөктөрдү куруу. Жер алдынан өтчү өтмөк пайдалуу, анткени, ал жерлер ижарага берилсе, өзүн өзү актап коет», – деди Марлен Маматалиев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: