МБК 2024-жылы 123 млрд. сом бажы төлөмдөрүн чогултту – ИА Караван Инфо
МБК 2024-жылы 123 млрд. сом бажы төлөмдөрүн чогултту

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2024-жылы 123 млрд 085,6 миллион сом бажы төлөмдөрү чогултулду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2024-жылга кирешелердин такталган болжолу 121 млрд сомду түздү.

24-декабрга карата бул көрсөткүч аткарылып эле тим болбостон, андан да ашып кеткен – өткөн жылы чогултулган бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 123 млрд 085,6 млн сомго жеткен. Бул белгиленген пландан 2 млрд 085,6 млн сомго көп жана болжолдук көрсөткүчтүн 101,7%ын түздү.

2023-жылы иш жүзүндө түшкөн төлөмдөр менен салыштырганда кирешелер 11 млрд 583,8 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 110,4%ды түздү.

Мындай натыйжаларга жетишүү төмөнкүдөй ырааттуу жана масштабдуу иштердин аркасында мүмкүн болду:

• бизнес процесстерин оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөштүрүү;

• өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

• заманбап санариптик технологияларды киргизүү;

• контрабандага каршы күрөштү күчөтүү.

Бул чаралар финансылык максаттарга жетүү үчүн гана эмес, ошондой эле тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн шарттарды жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: