Америка Кошмо Штаттарынын миграциялык саясатындагы учурдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу, өлкөнүн расмий бийликтери чек арадагы мыйзамсыз иммиграцияны токтотуу жана өлкөдө мыйзамдуу негизи жок адамдарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
КР Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаштырган Кыргыз Республикасынын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган бардык керектүү документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт.
Министрлик, Америка Кошмо Штаттарында жүрүү боюнча кошумча суроолор пайда болгон учурда, Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы Элчилигине жана Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылууңуздарды өтүнөт.
Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилиги
2360, Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008
kgconsulate.washington@mfa.
+1 202 256 2924
+1 202 449 9823; +1 202 449 9822
Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу
100 North LaSalle Str., Suite 1610,Chicago, IL 60602
kgconsulate.сhicago@mfa.gov.kg
+1 312 929 34 42
+1 312 994 24 16
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/